Myvideo

Guest

Login

Бишкекте Россиянын уюшкан кылмыштуу тобунун мчс кармалды.

Uploaded By: Myvideo
139 views
0
0 votes
0

Бишкекте Россиянын Челябинск облусунан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал 15 миң долларга Кыргызстандын жарандыгын сатып алууга аракет жасаганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Россияда ал кылмыш жоопкерчилигине тартылары, Федералдык коопсуздук кызматы аны мамлекеттер аралык издөөгө салганы айтылды. Шектүү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162 (“Каракчылык”), 209 (“Бандитизм”), 222 (“Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү”), 226 (“Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу”) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн иш жүргүзүүдө.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later