Myvideo

Guest

Login

Бишкекте Россия ЖОЖдорунун кргзмс ачылды

Uploaded By: Myvideo
108 views
0
0 votes
0

Бишкекте ачылган Россия ЖОЖдорунун көргөзмөсү мектеп окуучуларына кесип тандоого жана андан кийин беделдүү окуу жайларга акысыз өтүүгө жардам берет. Иш-чара КРСУда өтүүдө. Бул жерге Россиядан жогорку билим алууну каалаган мектеп окуучулары чогулушту. Ар бир окуу жайдын өкүлдөрү кабыл алуу эрежелерин түшүндүрүшүүдө. Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зулхарнеевдин айтымында, кыргызстандыктар Россиянын жогорку окуу жайларына акысыз тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. “Кыргызстанда да, Россияда да бардык тармактар боюнча адистерге муктаждык чоң. Биздин университеттер адистиктердин чоң тандоосун сунуштайт жана мамлекеттик квоталар бюджеттик негизде окууга өтүүгө мүмкүндүк берет“, - деди Зулхарнеев.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later