Myvideo

Guest

Login

Бишкекте Орус сахнасынын тандалган образдары аттуу кргзм ачылды.

Uploaded By: Myvideo
48 views
0
0 votes
0

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Орус сахнасынын тандалган образдары“ аттуу көргөзмө ачылды. Анда Александра театрынын XIX-XX кылымдагы легендарлуу спектаклдериндеги көшөгөлөр менен декорациялык жасалгалардын эскиздеринин санариптик көчүрмөлөрү коюлган. Жалпысынан көрүүчүлөрдүн назарына 30га жакын экспонат коюлган. Драма театрдын директору Асылбек Өзүбеков: “Ошол жылдарда эле биздин азыркы көшөгөлөрдөгү оюулардын болгондугуна таң калып жатам“, — деди. Россия театрынын директору Сергей Емельянов экпонаттар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду. “Бул жерге дээрлик отузга жакын экспонат коюлду, булар 300 жылдык тарыхы бар Александра театрынын спектаклдеринин эң белгилүү көркөм образдары“, — деди Емельянов. Көргөзмөнүн ачылышына Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев жана башкалар катышты. Быйыл экспозиция европалык эки өлкөдө дагы тартууланды.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later