Myvideo

Guest

Login

Бишкекте россиялык мекендештердин жаштар конференциясы тт

Uploaded By: Myvideo
89 views
0
0 votes
0

Бишкекте россиялык мекендештердин VIII Жаштар конференциясы болуп өттү. Иш-чарада быйылкы жылдагы иштердин жыйынтыгы жана алдыдагы актуалдуу маселелер, анын ичинде орус этномаданий мейкиндигин сактоо, орус тилин жана Россиянын билим берүү системасын колдоо боюнча суроолор талкууланды. Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев белгилегендей, 2024-жыл КМШда ыктыярчылык кыймылынын жылы деп жарыяланган. “Бул жыл өтө жемиштүү болду, жаштар көптөгөн иш-чараларды өткөрүштү. Кыргызстандагы Россия элчилиги жана Россотрудничество бул иштерде жаштарды ар тараптуу колдоп келүүдө. Кийинки жыл дагы маанилүү окуяларга бай болот, анткени Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет“, — деди Зульхарнеев. Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков 2025-жылдын биринчи кварталында университетте Жаштар үйүн ачуу пландалып жатканын билдирди. “Ал архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин аймагында жайгашат. Бул жер студенттик отряддардын штабы болуп да кызмат кылат“, — деп түшүндүрдү Волков.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later