Myvideo

Guest

Login

Бишкекте туулган Корсаков шаар кн менен космостон куттуктады. Видео

Uploaded By: Myvideo
39 views
0
0 votes
0

Роскосмостун космонавты Сергей Корсаков бишкектиктерди борбор калаанын 144 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мэрия маалымдады. “Союз МС-21“ космос кемесинин бортунда жазылып алынган видеокуттуктоосунда россиялык космонавт бул майрам шаардын тургундарына гана эмес, аны мекеним деп эсептеген, ага тиешеси бар экенин сезген ар бир адам үчүн маанилүү экенин айтты. “Туулуп-өскөн жана билим алган Бишкек шаарымды ар дайым жылуу сезимдер менен эске салам. Бул шаарда балалыгым тууралуу жакшы эскерүүлөр калды. Бүгүн мен Эл аралык космос станциясынын бортунда туулуп-өскөн шаарымдын желегин кармап турам. Бишкектиктерди шаар күнү менен куттуктап жатканым мен үчүн чоң сыймык жана кубаныч“, — деди ал. Ошондой эле шаардын өзгөрүп жатканы космостон даана көрүнүп турганын баса белгиледи.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later