Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 25-май күнү “Баары сүйүү тууралуу“ аттуу концерт өттү. Иш-чараны Россиянын Маданият министрлиги жана Россотрудничество уюштурду. Концертте Москва оперетта театрынын солисттери, эл аралык конкурстардын лауреаттары, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын “Маданият менен искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн“ эл аралык сыйлыгынын ээси Максим Катырев (баритон), Юлия Гончарова (сопрано), “Граэль“ балети эл алдына чыкты. Программада оперетталар, мюзиклдер, эстрада хиттери камтылды.
Hide player controls
Hide resume playing