Энергетика, мектептер, бизнести өнүктүрүү – ушул жана башка көптөгөн маселелерди бүгүн, 29-мартта, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын делегациялары талкуулашты. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйыны өттү. Отурумдун тең төрагалары болуп Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жана Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук катышты. Толук маалымат:
Hide player controls
Hide resume playing