Бишкекте экологиялык кырдаалды жана транспорт каражаттарынын техникалык абалын мониторинг кылууга ылайыкталган көчмө лабораторияны көрсөтүштү. Автолабораторияны Кыргыз-орус славян университетинин табигый-техникалык факультетинде жасап чыгышкан. Ал илимий-изилдөө жана лабораториялык иштерди жүргүзүүгө, тапшырмаларды комплекстүү түрдө чечүүгө багытталган. Анын жардамы менен экологдор маршруткалардан, автобустардан чыккан уулуу газды текшерип, көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө болот.
Hide player controls
Hide resume playing