Myvideo

Guest

Login

Сталинград салгылашына 80 жыл. Бишкекте чпс отко глчамбар коюшту

Uploaded By: Myvideo
9 views
0
0 votes
0

Борбор калаадагы “Жеңиш“ аянтында Сталинград салгылашынын 80 жылдыгына карата Өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Аталган согушта курман болгондордун элесине арналып асманга үч ирет ок чыгарылды. Тарыхый окуяга карата Кыргызстанда алты иш-чара өтмөкчү. Аларды Кыргызстандын Коргоо министрлиги, Россиянын КРдеги элчилиги, Бишкектеги “Русский дом“, ардагерлер уюмдары менен студенттер даярдашкан. Сталинград салгылашы 200 күн-түнгө созулган. Бул мезгилде Германия жана анын тарапташтары жарым миллионго жакын адамынан ажыраган. Советтик аскерлер Сталинграддын алдында согуштун багытын өзгөртүп, кайра чабуулга өткөн. Кыргызстандыктар Сталинград салгылашында өлчөөсүз салымын кошкон. Бул апаатта 10 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Жалпысынан алганда аталган шаар үчүн биздин 2 200 мекендеш өмүрүн берген. 1942-жылы Кызыл армиянын Сталинграддын алдындагы контрчабуулунун алдында танкист жоокерлерге “Советтик Кыргызстан“ танк колоннасы берилген.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later