Myvideo

Guest

Login

Кремлдин сахнасында ырдаган кыргызстандык жаш ырчы

Uploaded By: Myvideo
32 views
0
0 votes
0

Кыргызстандык жаш ырчы Анастасия Гриб Кремлдин сахнасында ырдагандыгын “Русский дом” билдирди. 9-апрелде Мамлекеттик Кремль сарайында “Россия менен дүйнөнүн жаш таланттары” деп аталган гала-концерт болду. Анда 2022-жылы Бишкекте өткөн “Надежда романсиады“ деп аталган вокалдык музыка боюнча балдардын эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кара-балталык 12 жаштагы Анастасия Гриб балдардын музыкалык мектебинде билим алат. “Орто Азия романсиадасы” сынагынын жеңүүчүсү. Кыз Кремлдин сахнасында “Гляжу в озера синие“ чыгармасын аткарды. Концерттин уюштуруучусу жана алып баруучусу — Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Россиянын эмгек сиңирген артисти Галина Преображенская.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later