Россиянын Кыргызстандагы элчилигиндеги атташе Денис Домбровский өткөн жумада Бишкекке 270 тонна буудай уну келгенин белгиледи. Жакын арада дагы 1 600 тонна ун, 60 тоннадан ашык май жеткирилет. “Бул продукция Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорлоруна катышкан аз камсыз үй-бүлөлөргө берилмекчи. Анда ар бир бүлө 15 килограммдан ун, 15 литрден май алышат“, — деген ал. Атташе Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын долбоорлорун Кыргызстанда колдоо үчүн 14 жыл ичинде 100 миллион доллардан ашык акча бөлгөнүн белгиледи. Мындай долбоорлорго миллионго чукул кыргызстандык катышкан. Анын ичинде ысык тамак ичип жаткан 400 миң окуучу бар. “Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча, калктын аялуу катмарына 3,5 миң тоннадан ашык азык-түлүк бөлүштүрүлгөн. Анын ичинен 400 тонна ун менен май Баткен элине жиберилди“, — деген Домбровский. Дипломат сөзүн кыргыздын “тамак болбой, дымак да болбойт“ деген макалы менен жыйынтыктап, демилге окуучулардын билимин жакшыртууга, үй-бүлөлөрдүн материалдык абалын бекемдөөгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишенимин билдирген.
Hide player controls
Hide resume playing