Myvideo

Guest

Login

Оору мрн алган кыргызстандык ббктр...

Uploaded By: Myvideo
66 views
0
0 votes
0

Кыргызстанда гепатиттин В түрү 2000-жылдары кескин кыскарды. Республика мындай жагдайга кантип жеткенин Sputnik карап көрдү. 90-жылдары кыргызстандык дарыгерлердин башына бир сыноо түшкөн. Ымыркайлар төрөлөрү менен вирустук гепатитке чалдыгып жатты. Албетте, наристелер бул ооруну көтөрө алган эмес, гепатиттин В түрү кийин да байма-бай кармачу болгон. Натыйжада илдет боор циррозуна жана боор рагына кептеген. Абал 2000-жылдары өзгөрдү. Россия кыргызстандык дарыгерлерге кол сунду. Республика боюнча наристелерге В түрүндөгү гепатитке каршы вакцина сайыла баштаган. Мындай аракет менен Кыргызстанда оорулуу балдардын саны 50 эсеге кыскарып, жаңы жуктургандар акырындык менен азайган. Андан бери Россиядан жүз миңдеген вакцина жана экспресс-тесттер келди. Ошондой эле Россия Кыргызстандын алыскы аймактарында иштөөгө ылайыкташкан 9 мобилдик клиника жөнөткөн.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later