Myvideo

Guest

Login

Ыр, клк, бий, ша. Бишкектеги балдар фестивалынан видео

Uploaded By: Myvideo
10 views
0
0 votes
0

Бүгүн, 1-июнда, Бишкекте балдардын II эл аралык “Наристе“ фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, балдарды майрамы жана фестивалдын ачылышы менен куттуктады. Өлкө башчы катышуучуларга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана чыгармачылык ийгилик каалады. Фестивалга Россиядан, Казакстандан, Монголиядан жана Кыргызстандын бардык облустарынан келген балдар катышууда. Анда балдардын фольклордук, бий жана аспаптык ансамблдери таланттарын тартуулады. Ошондой эле мастер-класс көрсөтүлүп, чыгармачылык жолугушуулар жана башка иш-чаралар уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, башка мамлекеттердин элдик чыгармачылыгы менен таанышуу.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later