Myvideo

Guest

Login

Эки кылым мурун курулган суу тегирмен. Ысык-Клдг згч музей

Uploaded By: Myvideo
21 view
0
0 votes
0

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын тургуну Сергей Мищенко ата-бабаларынан калган эски суу тегирмен, май чыгарган ишкананы реставрациялап, чакан музей ачып туристтер келчү жайга айланткан. Sputnik Кыргызстан кабарчысы анын ишмердүүлүгүнө кызыгып көрдү. Мищенко үй-бүлөсү менен ачкан музейдеги экспонаттарды тууган-туушкандарынан, жергиликтүү тургундар арасынан чогулткан. Алардын арасында падышачылык убактагы патефон, кулпу, жаргылчак, самоордон баштап Ысык-Көлдүн түбүнөн, айланасынан табылган археологиялык баалуу зер буюмдар, курал-жарактар, идиш-аяктардын бөлүктөрү да бар. Сергей Мищенконун айтымында, мындай суу тегирменди азыр өлкө аймагынан табуу өтө кыйын. “Суу тегирменди Россиядан келген тегирменчилердин династиясы делген Лаврентий Матяшовдун үй-бүлөсү Воронеж губерниясынан атайын чакыртылып 1871-жылы Ак-Сууда курушкан. Ал чек арачы, жергиликтүү тургун жана келгиндерди ун азыктары менен камсыздамак. Андан кийин бул дарыяга дагы алты суу тегирмен курулган. Бирок алардын ичинен ушул убакытка чейин бул эле сакталып иштеп жатат. Ал эми май чыгарган ишкана 1874-жылы курулган, азыр да иштөөдө. Эки ишканадагы тетиктер, жабдуулар эскирип калгандыктан акырындык менен аяр мамиле кылып иштетип жатабыз. Анткени мындай тегирменди азыр өлкө аймагынан табуу өтө кыйын“, — деди Мищенко. Ошондой эле ал маданий жайда Россиядан XIX кылымдын орто ченинде Ысык-Көл облусуна биринчилерден болуп келгендердин тиричилик буюмдары, акча-тыйындары, музыкалык аспаптары чогултулган. Андан сырткары, советтик мезгилге тиешелүү жана чет элдик акча-тыйындар, орден-медалдар, төш белгилер, техникаларды да көрүүгө болот. Башкалардан өзгөчөлөнгөн жаратман элеттиктин музейине дүйнөнүн булуң-бурчунан меймандар да келип турат. Себеби ал жерде миңдеген сейрек экспонаттар чогултулган. “Музейдеги экспонаттардын көпчүлүгү чоң ата, чоң энебизден калган, дагы бирин тууган-туушкандардан чогултуп, элден да сатып алганбыз. Анан бизге негизинен чет элдиктер көп келет. Алар суу тегирменди, май чыгарган ишкананы көрүүгө өтө кызыгышат. Дагы бир айта турчу нерсе, биздин ушул жайыбыз таш жана жыгач менен эле курулган. Алыстан бери келгендердики панель, кафель, паркет колдонулуп салынган заманбап музейлер. Бизде миңдеген экспонат болсо, 5000ден ашык түрдүү төш белгилер чогултулган. Орундуктун жоктугунан батпай сакталуу турган экспонаттар да арбын,— деп кошумчалады ал. Айылдын четинде өзгөчө маданий жай ачкан Мищенконун бала-бакырасы музейдин айланасын толук жашылдандырып, экспонаттарды ачык асман алдында да орнотууда.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later