Myvideo

Guest

Login

Россия Кыргызстанга рт чрч машиналарды тапшырды

Uploaded By: Myvideo
96 views
0
0 votes
0

Бүгүн, 1-мартта, Бишкекте Россиядан чыгарылган 40 өрт өчүрүүчү автоцистернаны тапшыруу салтанаты өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда жыл сайын 200дөн ашык түрдүү өзгөчө кырдаал жана 4 миңден ашык өрт кырсыгы катталарын белгиледи. Материалдык чыгым 4 миллиард сомдон ашат. Цитата “Мынча сандагы заманбап техниканын келиши менен ӨКМдин өрт өчүрүүчү машиналарынын паркын толугу менен жаңыртууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми сиздердин ишиңиздер кыйла жеңилдей турганына ишенебиз“, — деди Жапаров ӨКМ кызматкерлерине кайрылып жатып. Россия ӨКМинин жетекчиси Александр Куренков кызматташуу үчүн ар дайым ачык экенин жана боордош Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө кызыкдарлыгын белгилеген. “Биз кесиптештерибизге 40 даана өрт өчүрүүчү автоцистерна тапшырып жатабыз. Бул уникалдуу автомобилдер Россиядан чыгарылган жана заманбап жабдыктар менен жабдылган. Биз аларды чыныгы кесипкөйлөрдүн колуна тапшырып жатабыз“, — деди Куренков. РФ президенттик администрациясынын аймактар аралык жана маданий байланыш боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Масловдун айтымында, бул машиналар КР ӨКМинин буйрутмасы менен КамАЗдын базасында даярдалган. Техника айыл жергелеринде, тоолуу аймактарда иштөөгө ылайыкталган. “Россиядагы өрт өчүрүүчү техникалар 3 же 4 тонналык цистерна менен жабдылган. Булар болсо 6 тонналыктар. ӨКМдин өрт өчүрүүчү машиналары саатына 30 чакырым жүрсө, бул машиналардын ылдамдыгы саатына 90 чакырымды түзөт. Ошондо өрт чыккан жерлерге 3 эсе эрте келе алат“, — деди Маслов.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later