Myvideo

Guest

Login

Кыргызстан кйч май арзан болгон 30 лкнн катарында. Инфографика

Uploaded By: Myvideo
250 views
0
0 votes
0

Негизги көлөм Россиядан импорттолот. Кыргызстан күйүүчү май арзан болгон 30 өлкөнүн катарында. Sputnik абалды чагылдырган инфографика даярдады. Коңшулар менен салыштыра келсек, май Казакстанда гана арзаныраак. Бул өлкө ири мунай жеткирүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Тажикстанда 95-үлгүдөгү май орто эсепте 82 сомдон, ал эми Өзбекстанда 84 сомдон сатылат. Кыргызстан суткасына дээрлик 2 миң тонна бензин жана 1,5 миң тонна дизель сарптайт. Республикага жылына 1,4 миллион тоннага жакын күйүүчү-майлоочу май керектелет. Өзүбүздүн мунай керектөөнүн 10 пайызын гана жабат. Негизинен мунай бизге Россиядан импорттолот. Кыргызстан Россиядан 1,2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу майды салык алымдарысыз алгандыктан өлкөдө анын баасы дүйнөдөгү башка мамлекеттерге караганда орто эсеп менен 35 сомго арзан.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later