Myvideo

Guest

Login

Бул аракетти 30дан ткндн кийин эле башташ керек

Uploaded By: Myvideo
75 views
0
0 votes
0

Кан тамырлар ден соолуктун башаты болгондуктан аны таза алып жүрүүгө өзгөчө көңүл буруш керек экенин балдар кардиологу Данияр Аматов билдирди. Айтымында, алар таза, бекем болсо кан айлануу жакшы жүрүп, ден соолук мыкты болот. Адамдар майлуу, таттууларды көп жеп, аз кыймылдап кан тамырлардын ичкеришине, анда май жана башка керексиз заттардын көбөйүшүнө өздөрү “салым кошуп алышат“. Ошондой эле тамеки чегүү да кан тамырларды катырып, кан айланууга чоң тоскоолдук жаратат. “20-30 жаштан өткөндөн кийин эле кан тамырларга кам көрүүнү колго алуу зарыл. Бирок биз 50-60ка чыкканда гана бул тууралуу ойлонуп баштайбыз, тилекке каршы, кечигип калабыз“, — деди Аматов.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later