Myvideo

Guest

Login

Немецтердин шаштысын кетирген Концерт

Uploaded By: Myvideo
42 views
0
0 votes
0

1943-жылы 19-сентябрда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда немецтердин ооругунда башаламандык өкүм сүргөн, себеби бул күнү “Концерт“ деген код менен ат коюлган партизандык операция башталган. Аскердик адистердин эсебине караганда, рельстер менен эшелондорду жардырган партизандардын аракети немецтердин ошол кездеги авиациялык чабуулдарына караганда 11 эсе майнаптуу болгон. Басып алынган аймактардагы темир жол каттамдарынын өткөрүмдүүлүк жөндөмү 40 пайызга чейин түшүп кеткен. Немец аскерлери тынч уктай албай калгандарын, себеби “бул каргыш тийген партизандар ар бир түнү келип жатканын“ жазышкан. Операциянын максаты — темир жол составдарын, рельстерди, көпүрөлөрдү жок кылуу эле. Жардырууларды 200гө чукул отряддардын 150 миңден ашуун партизаны жасап турган. Анын жүрүшүндө 70тен арбын темир жол көпүрөлөрү талкаланып, 150 миңге жакын рельстер жок кылынган. Тилекке каршы, жардыргычтардын жетишсиздигинен “Концерт“ бир айдан ашыгыраак убакытка гана созулган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later