Жайдын келиши менен сууга чөккөндөрдүн саны көбөйдү. Айрымдар агын сууга агып кетсе, башкалары көлгө, бассейнге чөгүшөт. Sputnik Кыргызстан Кызыл Ай жана Кызыл чырым коомунун адистеринин жардамы менен сууга тумчуккан адамга кантип биринчи жардам көрсөтүлүшү керектигин айтып берет. Адистин айтымында, алгач адамды суудан алып чыккан соң дем алуусу бар-жогун 10 секунддай тыңшайбыз. Жок болсо, беш ирет жасалма жол менен дем алдырууга аракет кылабыз. Ал дагы жардам бербесе 30/2 ыкмасына өтөбүз. Анда жүрөк тушту 30 жолу басып, эки жолу жасалма дем алдыруу кылабыз. Бул ыкма адам эсине келгиче жасалышы кажет. Толук маалымат:
Hide player controls
Hide resume playing