Myvideo

Guest

Login

Июнь окуясында элге кол салып, мыкаачылык менен лтргн деп 6 адам кармалды

Uploaded By: Myvideo
79 views
0
0 votes
0

Июнь окуясында Жалал-Абадда жай тургундарга кол салган деген шек менен Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Шектүүлөр Сузак районунун 43 жаштагы К.Х.М., 51 жаштагы А.А.А., 62 жаштагы К.П.Т., 58 жаштагы А.А.А., 65 жаштагы М.А.И. жана 52 жаштагы К.Ш.Т. аттуу тургундары болуп чыккан. Кармалган жарандар Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык башаламандыкка чакырып, жол тостуртуп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарында 1962-жылы туулган Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы далилденген. Кылмышка айыпталгандар Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, иликтөө жүрүп жатат.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later