Мындан жарым кылым мурда, 1973-жылы 27-январда, АКШ Вьетнамдагы согушту токтотуу боюнча макулдашууга кол койгон. Бул Пентагондун тарыхындагы максатына жетпей, маскара болгон окуялардын бири деп эсептелет. 2,6 миллионго чукул америкалык аскер Вьетнам согушуна катышып, анын кесепетинен 60 миң жоокер, офицер өлгөн. 1 700 америкалык белгисиз бойдон калса, согуштан кийин 150 миңге чукул ардагер өз жанын кыйганы айтылып келет. Ал эми баскынчылыкка кабылган Вьетнам 3,35 миллион адамынан ажыраган. Алардын 2 миллиону жай жашоочулар болгон. Америкалыктар сегиз жыл ичинде Вьетнамга напалм жана башка ууландыруучу заттарды кошпогондо 7 миллион тонна бомба таштаган. Диоксини бар Agent Orange заттарын кошкондо гербицид, дефолианттардын “жардамы“ менен ууландырып, ал жердин экологиясын аёосуз талкалашкан. АКШ Индокытайдагы бул авантюрасы ордунан чыкпай калгандан кийин Сальвадордо, Ливанда, Гренадада, Ливияда, Панамада, Югославияда, Афганстанда, Иракта, Ливияда, Сирияда, Йеменде, Камерунда согуштук операцияларды жасады. 2015-жылдан бери америкалыктар вьетнам сценарийин Украинада ишке ашырууга аракет кылып келет.
Hide player controls
Hide resume playing