Myvideo

Guest

Login

Бишкекте Жалпы жат жазуу акциясы тт

Uploaded By: Myvideo
57 views
0
0 votes
0

Бүгүн 41 мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда “Жалпы жат жазуу“ эл аралык билим берүү акциясы өттү. Бишкекте бул акция КРСУнун башкы корпусунда жана “Газпром Кыргызстан“ мектебинде уюштурулган. Университетте диктантты ректордун милдетин аткаруучу Денис Фомин-Нилов жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Орус драма театрынын актрисасы Ольга Жигулева окуган. Быйылкы диктанттын текстин орус жазуучусу, “Большая книга“ сыйлыктарынын бир нече жолку финалисти Анна Матвеева жазганы айтылды. Акциянын максаты — ар бир адамга орус тилин кандай билерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана сабаттуулукка болгон кызыгуусун арттыруу. Алгачкысын 2004-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студенттери өткөргөн. Бул диктантты жыл сайын ондогон өлкөлөрдө жүз миңдеген адамдар жазат.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later