Myvideo

Guest

Login

Бишкекте Ирандын жараны 45 млн. сомдук багизат алып келген деп кармалды

Uploaded By: Myvideo
57 views
0
0 votes
0

ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Иранда өндүрүлгөн баңгизаттардын туруктуу транзит каналын тапканга жана бөгөт коюуга багытталган атайын операция өткөрүлгөн. Уюшкан топ баңгизатты Ирандан алып чыгып Афганистан, Тажикстан аркылуу өтүп Кыргызстанга жеткирип турган. Бул факт боюнча Ирандын Урмия шаарынын тургуну . Бишкек шаарынан кармалды. “Алынган “метамфетамин“ баңгизаттын жалпы салмагы 10 килограммды түзгөн. Көмүскө рынокто бир граммы 4500 сомдон сатылат. Алынган баңгизаттын жалпы суммасы 45 миллион сом, ал эми Улуттук банктын курсу боюнча 500 миң доллардан ашат“, — деп айтылат маалыматта. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо“) менен кылмыш иши козголгон.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later