Myvideo

Guest

Login

Бишкекте мыйзамсыз курулган кп кабаттуу йлрд муктаждарга бер каралууда

Uploaded By: Myvideo
49 views
0
0 votes
0

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев борбор калаада мыйзамсыз курулган турак жайларды муктаждарга берүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин бүгүн маалымат жыйында ортого салды. Жетибаевдин айтымында, Бишкекте 37 курулуш объекти мыйзам талаптарына каршы курулган. “Мен ачык эле айтайын, 37 объектини бузуу процессин баштайлы деп сунуш киргизгем. Бирок карап көрсөк карапайым эл кыйналып калат экен. Министрлер кабинетинин төрагасы менен да сүйлөшөйүн деп жатам. Кыска убакыттын ичинде аларды мыйзамдаштырып койсок. Анткени шаарыбыздын жөнөкөй тургундары жашап жатат ал жерде. Эми субъективдүү пикиримди айтсам, турак жайдын жалпы аянтынын 30 пайызын Бишкек шаарынын муктаж тургундарына же МИК долбоору аркылуу, болбосо мэрияда кезек күткөн кызматкерлерге бериш керек“, — деди Жетибаев. Ошондой эле ал мындан ары башаламан курулуштарга катуу көзөмөл жүргүзөрүн эскертти. Аны менен катар Бишкек башкы архитектурага жана экспертиза департаментине бир дагы объектинин мыйзамсыз курулушуна жол бербөө тапшырмасын бергенин айтты.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later