Myvideo

Guest

Login

Кыргызстанда заманбап кол протездери жасалып 13 балага акысыз берилди.

Uploaded By: Myvideo
140 views
0
0 votes
0

Кыргызстанда электроникасыз иштей турган, суудан зыян тартпай турган протездер жасалып, 13 балага акысыз берилди. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллион 789 миң 988 сом бөлүнгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Аталган протездерди Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин техник-протезчилери Сколковонун резиденти — “Моторика“ компаниясынын компоненттеринен жасашкан. Мекеменин директору Ализа Солтонбекова “Киби“ протезин кийген бала аны өзүнүн дене мүчөсү катары кабыл алууга көндүрсө боло тургандыгын айтты. “Балдар функционалдык протездерди кичинекей кезинен баштап колдоно башташы керек. Кол протездери баланын кыймылын жеңилдетет, ден соолугунда жаралчу көйгөйлөрдү алдын алып, күнүмдүк тиричилик жеңилдейт“, — деди ал. “Киби“ — булчуңдардын тартылуусунун эсебинен иштейт. Колдонуучунун күчү керектелет. Бул протезге кошумча тиркемелерди: смартфон кармагычтарды, кол чырактын модулун жана башкаларды орнотсо болот. Республикалык протездик-ортопедиялык мекеменин “Киби“ кол жана билек протездерин жасоочу протезчилери жана техниктери атайын окуудан өтүп, сертификаттын ээси болушкан. “Киби“ протездерин жасоого биринчи кадам 2022-жылдын август айында Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, Сколковонун резиденти – “Моторика“ компаниясынын жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин башталган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later