Myvideo

Guest

Login

Бишкекте EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 нр жай кргзмс ачылды

Uploaded By: Myvideo
227 views
0
0 votes
0

Бишкекте бизнес-форум жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022/EXPO Eurasia-2022 өнөр жай көргөзмөсү ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, өкмөт мүчөлөрү жана Россия, Кыргызстан тараптан бизнес-өкүлдөр катышты. “Азыркыдай экономикалык кризис болуп турган учурда бул сыяктуу биргелешкен аракеттер пайдасын гана берет деп ишенем. Кыргызстан менен Россиянын өнөктөштүгү эки тараптын тең экономикалык өсүшүнө пайдасын тийгизери талашсыз. Бүгүнкү көргөзмөгө катышып жаткан бизнес-өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем“, — деди Төрөбаев. Көргөзмө жана бизнес-форум 21-23-июнь аралыгында өтөт. Иш-чараны “Зарубеж-Экспо“ ААКсы Улуттук инвестициялык агенттик менен биргеликте уюштурууда. Мында Кыргызстанда заманбап тоо-кен техникасын чыгаруу боюнча өндүрүш баштоо, акыркы муундагы автобустарды чогултуу, медициналык буюмдарды биргелешип өндүрүү, заманбап навигациялык жабдуулары бар КамАЗдарды чыгаруу, “Мироторг“ концернин кеңейтүү долбоорлору талкууланат.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later