Myvideo

Guest

Login

67 жыл мурда СССР Жердин жасалма жандоочусун учурган

Uploaded By: Myvideo
30 views
0
0 votes
0

Мындан 67 жыл мурда, кансыз согуш табында турган учурда 4-октябрь күнү Советтер Союзу орбитага Жердин биринчи жандоочусун учурган. Салмагы 83,6 килограмм болгон төрт антенналуу легендарлуу бул спутник кадимки эле “бип-бип-бип“ деген сигнал берип турган. Ал шар түрүндө болуп, металлдан жасалган. Эртеси күнү дүйнөнүн бардык гезиттери орбитага СССРде жасалган Жердин биринчи жандоочусу учурулганын жамырап жазышты. Стивен Кингдин “Пляска смерти“ китеби “1957-жылдын 4-октябры же Бийге чакыруу“ деп аталат. “1957-жылы биринчи ирет октябрдын бир күнүндө ушундай бир коркууну башымдан кечирдим. Жаңы эле 10го толгом. Кинотеатрда болчумун. “День, когда Земля остановилась“ аттуу кинофильмдин акыркы бөлүгүндө башка планетадан келгендер борборго кол салганда экран өчүп калды. Андан ары ойго келбеген нерсе болду: залдын жарыгы күйүп, анан башкарган кишинин жарыясы угулду, “орустар орбитага Жердин космостук сателлитин учуруптур. Аны Спутник деп аташыптыр“. Ошондон тарта орустардын бул сөзүн дүйнөдөгүлөр котормосу жок түшүнөт.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later