Myvideo

Guest

Login

Нацисттерден жашынып жашаса да кз жумган еврей кызы Анна. Кндлк баяны

Uploaded By: Myvideo
209 views
0
0 votes
0

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 13 жаштагы Анна Франк үй-бүлөсү менен эки жыл бою нацисттер басып алган Амстердамда жашырынып жашаган. Ал 1944-жылдын 1-августунда күндөлүгүнө акыркы сөздөрүн жазган. Амстердамда жашынып жаткан үй-бүлөсү жана достору үч күндөн кийин кармалып, Вестерборк лагерине, андан соң Освенцимге жөнөтүлөт Октябрда Анна эжеси Марго менен Берген-Бельзен лагерине түшөт. Ал жактан келте менен ооруп, 1945-жылдын февраль-мартында көз жумат, бирок так күнү белгисиз. Франктын күндөлүгү улутчулдар учурундагы еврей кызынын жашоосунун документалдуу далили болуп калды. Ал жакындары менен эки жылга чукул жашаган жер төлөдөгүлөрдүн ичинен атасы Отто гана аман калган. Аннанын күндөлүгү 1947-жылы коомчулукка жарыяланган. Доордун ачуу үнүн баяндаган бул тагдыр баяны 1947-жылы басылып чыгып, дүйнөнүн 67 тилине которулган. Мындан сырткары, ЮНЕСКОнун объектиси деп жарыяланып, Экинчи дүйнөлүк согуштун белгилүү документтеринин бири деп саналат.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later