Myvideo

Guest

Login

Жанын берип ойногон шылдыракчы Кадырбек Мураталиев

Uploaded By: Myvideo
193 views
0
0 votes
0

Өлкөгө шылдыракчы катары таанылган Кадырбек Мураталиев Токтогул элдик театрында эмгектенет. Ал Токтогулда жашап, таланты менен борборго таанылган өнөрпоз. Кадырбек Мураталиев көрөрманды шылдыракта ойноодогу өзгөчөлүгү, аткаруу чеберчилиги менен өзүнө тартат. Аккордеончу Коңурбай Айдаров менен бирге көп жылдардан бери республиканын булуң-бурчуна чакырылып, элдин жакшылыгына кызмат кылып келет. Ал эмес Алматыга чейин чакыруулар түшөт. Кадырбек Мураталиев таланттуу үй-бүлөдөн чыккан. Апасы да жакшы ырдачу. Атасы Текебай Мураталиев айтылуу “Сүйүүнүн күчү керемет“ деген белгилүү ырдын автору. Өмүр бою Токтогул элдик театрында иштеп, Асанкалый Керимбаевдин, Шахра Талипованын жана Темирлан Сманбековдун алгачкы устаты болгон. Маданияттын мыкты кызматкери Кадырбек Мураталиев Токтогул элдик театрына 40 жылдан ашык өмүрүн арнап иштеп келет. Эки уулдун атасы. Жубайы Турсункан Мураталиева да маданият кызматкери.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later