Myvideo

Guest

Login

Бейтап злп баратканда кан берген кндрм болот. Сабыр Жумабековдун видеомаеги

Uploaded By: Myvideo
14 views
0
0 votes
0

Кыргызстанга жана дүйнөгө белгилүү хирург маектешүү учурунда муун алмаштыруу боюнча операция Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда биринчи жолу жасалгандыгын белгиледи. Ал эми сөөк өстүрүү боюнча дүйнөдө Кыргызстандан ашкан өлкө боло электигин айтат. Карьерасында 40 миңден ашык операция жасаган белгилүү травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков менен маектешүү үчүн ал иштеген жайга бардык. Өткөн жылы ал жетектеген Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору жоюлуп, анын базасында Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлгөн. Биз маектеше турган күнү Сабырбек Жумабеков беш операция жасоону пландаган экен. Эртең менен адегенде келген адамдарды кабыл алып, сааттын жебеси тогузду какканда операциялык бөлүмгө кирди. Катар-катарынан беш операцияны жасап жатты. Мен көргөндөрүмдү медицинадан алыс адамдарга айтып түшүндүрүшүм оор болуп турат. Бирок таң калтырганы, муун, сөөктөргө жасалган операцияга кылдаттык, акыл, билим, тажрыйбадан тышкары күч да керек экендиги болду. “Балка, араа, шруп, дрель менен иштейбиз. Ооба, бул операцияларга күч да керек“, — деди Жумабеков. Ошентип хирург түшкө чейин беш операцияны жасап бүттү. Биз маекти 40 миң операциянын арасынан эсинде калгандарын угуу менен баштадык. “Бир жигит курулушта иштеп жатып 5-кабаттан кулап кетиптир. Омурткалары бүт сынган. Ошол күнү саммит болуп жаткан, саммит учурунда кан берилбейт. Бейтаптан болсо кан кетип жатат. Ага карабай операция жасадым, омурткасын түздөдүм. Бирок бейтап кан жоготуп, тиги дүйнөгө кетип калчудай болуп калды. Карасам, экөөбүздүн каныбыз бир топто экен, дароо жанына жата калып эле 500 грамм кан бердим, кан басымы көтөрүлүп, пульс пайда болду. Операциядан кийин башка дарыгерлер да кан берип, жалпы эки литр кан куйдук. Азыр ал бала аман-эсен, кайра эле ошол курулушта иштеп жатат. Эми дарыгерлердин мындай кылганы эреже жактан алсак туура эмес, бирок биз адамдын өмүрүн сактап калдык да“, — деди Жумабеков маектин башында. Андан соң биздин баарлашуу муун алмаштыруу операциялары, сөөк өстүрүү процесси, чет өлкөгө барган кыргыздарга жасаган операциялары тууралуу уланды.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later