Myvideo

Guest

Login

Талкуу жараткан срт: депутат абакта тргн аялга ырайым кылууну суранды

Uploaded By: Myvideo
139 views
0
0 votes
0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов абакта төрөгөн аялга ырайым кылууну суранды. “Кечээ интернеттин баарына жаңы төрөлгөн ымыркайы менен сотко келген аялдын сүрөтү чыкты. Ушуну эми адилеттүү чечип берип, аял кишинин карызын мамлекет жактан караштырып берсек. Эми ырайым кылып берсеңиздер. Аял кишини бизде ар дайым сыйлап келген. Адашпаган адам жок“, — деди Икрамов. Белгилей кетсек, кечээ адвокат Замир Жоошев сот залында жаңы төрөлгөн ымыркайы менен келген аялдын сүрөтүн жарыялаган. Анын айтымында, келин алдамчылыкка айыпталып, кош бойлуу кезинде камалып, ошол жакта 15-февраль күнү көз жарган. Үйүнө күйөөсү менен дагы алты жаш баласы калган. Ал “Дордой“ базарында иштеп, жогорку пайыз менен алган акчасын кайтара албай калганы үчүн 6 жылга кесилген. Жактоочусу өкүмгө макул болбой шаардык сотко даттанган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later