Myvideo

Guest

Login

Sputnik Кыргызстандын журналисттери ч лкнн студенттери менен жолугушту

Uploaded By: Myvideo
35 views
0
0 votes
0

Sputnik Кыргызстандын кабарчылары тажрыйбасы менен бөлүштү. Жолугушуу кандай өткөнүн биздин видеодон көрүңүз. Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда Армения менен Беларустагы славян университеттеринин, ошондой эле Россиянын ЖОЖдорунун студенттери чогулду. Болочок адистер редакцияда иштеген Кыргыз-Россия Славян университетинин сегиз бүтүрүүчүсү менен жолугушту. Иш-чара аталган окуу жайдын 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулган. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Елена Череменина катышуучуларга Sputnik долбоору кандайча түзүлүп, команда кантип чогулганын айтып берди. Ал аталган долбоордун башкы максаты — дүйнөдө болуп жаткан тигил же бул окуяларга көп уюлдуу дүйнөнүн баалуулугуна таянып Россиянын пикирин, көз карашын жеткирүү экенин белгиледи. Ишинин өзгөчөлүгү тууралуу радио алып баруучулар, КРСУнун бүтүрүүчүлөрү Тимур Осмонов менен Елена Бугайченко да айтып беришти. Студенттер спикерлерди чоң кызыгуу менен угуп, суроо узатып жатышты. Мындан тышкары, студенттерге агенттиктин иши кандайча жолго коюлганы тууралуу маалымат берилип, редакцияга экскурсия уюштурулду.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later