Myvideo

Guest

Login

КРСУда масштабдуу конгресстин ачылышы болду

Uploaded By: Myvideo
70 views
0
0 votes
0

Иш-чаранын негизги максаты — Чоң Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономика, инновация, илим жана маданият тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле жаштардын илимий байланыштарын чыңдоо. Кыргыз-Россия Славян университетинде II Эл аралык жаштар аналитикалык конгрессинин ачылышы болду. ЕАЭБдин 10 жылдыгына арналган иш-чара 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин уланат. Ысык-Көлгө Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер барат. Иш-чаранын алкагында “Кыргызстандын жаш талдоочусу“ сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Студенттерге диплом жана медалдарды КР билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу тапшырды. “Жаштар талкууга активдүү катышууда. Конгресс региондогу өлкөлөрдүн жаштарын бириктирүү үчүн түзүлгөн институттук аянтча болуп каларына ишенебиз“, — деди министрдин орун басары.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later