Myvideo

Guest

Login

Эмомали Рахмон бтндй демократия длтн кол салып жатат. | Темиров лайв | Болот Темиров

Uploaded By: Myvideo
7 views
0
0 votes
0

Мен Болот Темиров, коррупцияга каршы күрөштө эл аралык сыйлыктардын жеңүүчүсү, иликтөөчү-журналист жана Кыргызстан жаранымын. Мен бүгүн өнөктөштөрүбүзгө — дүйнөнүн демократиялык өлкөлөрүнө жана эл аралык уюмдарга кайрылам. Бул кайрылуум демократиялык өлкөлөрдүн жана институттардын жетекчилерине, ошондой эле саясатчы, журналист жана жалпы эл аралык коомчулукка багытталат. Кыргызстан, демократия багытына умтулган өлкө. Элдик бийликти телчиктирген өлкөнү кура алдык. Биз демократияны өнүктүрүүгө умтулуп, эркин өнүккөн өлкөдө жашоону тилейбиз. Эзелтен ата-бабаларыбыз өз оюн эркин билдирип, гендердик теңчиликти сактап келген калкпыз. Алсызга арачы, бей-бечара, жетим-жесирге кайрымдуу болуу каныбызга сиңген. Биздин көзкарандысыз, өз оюн эркин айткан укугубуз, өнөктөш тандоо, өз бийлигибизди шайлоодогу эркибиз кимдир-бирөөлөргө жакпай келет. Диктатор өзүнүн куурчак башкаруучусу аркылуу Борбор Азиядагы демократия баалуулуктарын терс мүнөздө көрсөтүп, аны жок кылууга аракет кылууда. 14-сентябрда Кремлдин куурчагына айланган диктатор, агрессор Эмомали Рахмон Кыргызстанга кол салды. Кыргыз айылдарына басып кирип, аялдар, балдар өлдү. Ондогон үйлөрдү от жалмап, социалдык инфраструктуралар өрттөлүп, талкаланды. Калк жашаган турак жайлар менен куралсыз элге каршы оор куралдар колдонулду. Мунун артында ким турат – жакшы билебиз. Башка диктатордун уруксатысыз бул чабуул ишке ашмак эмес. Украинага Орусия чабуул кылгандай эле, диктатор Эмомали Рахмон өз маалымат каражаттары жана соцтармактар аркылуу Кыргызстан элине жек көрүүчүлүктү жайылтууда. Эмомали Рахмон энелерге, балдарга гана эмес, бүтүндөй демократия дөөлөтүнө кол салып жатат. Өлкөдө адам укуктарын, адилеттик, эркиндик, демократиялык жетишкендиктерди коргоо үчүн бизге колдоолор керек. Биз армияны камсыздап, аскердик чеберчиликти өздөштүрүп, жоокерлерди жана аскер башчыларын даярдообуз зарыл. Биз гуманитардык, медициналык жардамдарга жана маалыматтык колдоого муктажбыз. Мен дүйнөлүк маалымат каражаттарына, өзгөчө алдыңкы иликтөөчү журналисттерге кайрылар элем: биз диктатор Эмомали Рахмондун канкор жүзүн ачып, жана анын кландык тобун, коррупциялык схемасын, четөлкөлөрдө жашырылган байлыктарын, өз элине каршы уюштурган кылмыштарын эл аралык иликтөөчү журналисттер менен биргеликте ачыктоого тийишпиз! Анын акыйкаттыкка укугу жок өз жарандарын, журналисттерди, жарандык активисттерди, укук коргоочуларды кантип камап, кантип өлтүргөнүн билебиз. Эми ал ошол эле принциптери менен биздин өлкөгө кандуу билегин сунду. Узак жылдар бою диктатор менен болгон сүйлөшүүлөрдөн эч майнап чыккан жок. Эларалык уюмдарга, БУУга, дүйнөнүн бардык демократиялык өлкөлөрүнүн жетекчилилерине Эмомали Рахмонго жана анын кылмыштуу үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы жеке санкцияларды колдонуу өтүнүчү менен кайрылам. Демократиялык өлкөлөр бири-бирин колдоого алууга тийиш. Биз бүгүн, бейажал кеткен энелердин, наристелердин укугун коргоого милдеттүүбүз! Биз эларалык укуктардын негизинде коргоого алынууга муктажбыз. Диктатор турганда согуш оту өчпөйт. Дос-тилектештик – муктаждыкта керек. Биз билебиз, демократия багытында өнүгүүнү көздөгөн өнөктөш досторубуз, мындайда кол сунарына. Бүгүн биздин Баткендеги жоокерлер өлкөбүздү коргоо үчүн гана эмес, мыйзам үстөмдүгүн, эларалык укук жана эркиндикти коргоо үчүн курман болууда! #болоттемиров #баткен #бишкек #политика #жаңылыктар #коррупция #kyrgyzstan #newyorktimes #ukraine #putin #новости #politics Кыргызстандын келечегине салым кош Facebook - Болот Темровдун твиттери - Болот Темировдун телеграмы - жазылып, реакция тыштап коюп тургула. Биздин редакциянын телеграмы болсо -

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later