Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагер футболчуларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады. Кыргызстандыктардын командасында президент Садыр Жапаров да ойноп каршылаштарга эки гол киргизди. Натыйжада оюн 3:3 эсеби менен жыйынтыкталды. Легендалар беттеши Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына арналып өттү.
Hide player controls
Hide resume playing