Myvideo

Guest

Login

РФ Коргоо министрлиги Азовсталдан чыккан туткундардын видеосун жарыялады

Uploaded By: Myvideo
40 views
0
0 votes
0

Россиянын Коргоо министрлиги Мариуполь шаарындагы “Азовсталда“ жаткан украин аскерлери менен “Азов“* улутчулдар батальонунун согушкерлеринин туткунга түшүп берип жаткан видеосун жарыялады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. Кадрдан заводдон согушкерлер жарадарларын замбилге салып чыгып келе жатканын, аларды россиялык аскерлер дыкаттык менен текшерип жатканын көрүүгө болот. Андан соң автобустарга салып, ал эми жарадарларына россиялык медиктер биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Туткундардын чыгып келе жатканда дронго тартылган ирмемдери да тарады. Буга чейин Россиянын Коргоо министрлигинин өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков бир сутканын ичинде “Азовсталдан“ 265 согушкер чыгып, куралдарын тапшырганын билдирген. Алардын арасында оор жарадар 51 киши бар экендигин айткан. Дарыгерлердин жардамына муктаж болгондор Донецкидеги Новоазовск ооруканасына жиберилген.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later