Myvideo

Guest

Login

Россия биринчи жолу континенттер аралык Сармат ракетасын учурду

Uploaded By: Myvideo
44 views
0
0 votes
0

Россиянын Коргоо министрлиги “Сармат” континенттер аралык баллистикалык ракетасы “Плесецк” космодромунда ийгиликтүү учурулганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Тапшырмалар толугу менен аткарылды. Конструкциялык мүнөздөмөлөр учуунун бардык этаптарында тастыкталды. Машыгуучу дүрмөттөр Камчатка жарым аралындагы “Кура” полигонуна берилген аймакка жетти“, — деп билдирди ведомство. Коргоо министрлиги бул мамлекеттик тестирлөө программасындагы биринчи учуруу экенин айтты. Күтүлгөндөй эле сыноолордон кийин “Сармат“ стратегиялык ракеталык күчтөрдүн курамында ишке кирет. Бул комплекстер Красноярскинин жанындагы Ужур ракеталык түзүмүндөгү башкы полкту жабдыйт. Россиянын президенти Владимир Путин армияны дүйнөдө теңдеши жок “Сарматтын” ийгиликтүү сыноосу менен куттуктады. Путин “Сарматты” жаратууда россиялык технологиялар колдонулганын белгиледи.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later