Myvideo

Guest

Login

Стенин атындагы эл аралык фотосынакты жеип алгандар. Эмгектердин видеосу

Uploaded By: Myvideo
9 views
0
0 votes
0

Андрей Стенин атындагы сынактын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Sputnik редакциясы өнөрү менен өзгөчөлөнө алгандарды тааныштырмакчы. Сыйлоо аземи “Россия сегодня“ медиатобунун мультимедиалык маалымат борборунда өттү. Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын баш байгесин россиялык журналист Алексей Орлов Донецкидеги жана Мариуполдогу окуялар чагылдырылган “Жарык“ аттуу сүрөт баяны менен жеңип алды. “Башкы жаңылыктар“ номинациясында бахрейндик Айман Якубдун “Оттуу шар“ эмгеги мыкты аталды. Мында Йемендин Сауд Арабиядагы Жидда шаарында жайгашкан Saudi Aramco мунай базасына ракеталык сокку урганы чагылдырылган. Калыстар тобу бул номинациядагы сериялар арасында биринчи орунду ыйгарбоо чечимине келишкен. “Менин планетам“ номинациясында калькутталык Сайян Адхикаринин “Өлүп бара жаткан салт“ аттуу эмгеги популярдуу болду. Сүрөттө Индиянын түндүк жээгиндеги балыкчылардын өнөрү көрсөтүлгөн. Муну менен катар испаниялык документалист-фотограф Адра Паллонун “Демотаназия“ (Демографиялык эвтаназия) эмгеги да популярдуу болду. Анда испаниялык Галисия провинциясындагы айыл жергесинен чыккан эл жана алардын жок болушу айтылат. Спорттук номинацияда эки категорияда тең (жалгыз жана серия) биринчи орун россиялыктарга берилди. Эң мыкты жалгыз эмгек катары Эдгар Брещановдун “Акыркы тамчыга чейин“ сүрөтү аталды. Анда ЦСКА-Москва жаштар футбол клубунун коргоочусу Егор Носковдун москвалык “Торпедо“ менен беттештеги ойноп жаткан кези чагылдырылган. Бул эмгек Аль-Маядин ТВ жалпы араб маалыматтык холдинги тарабынан дагы атайын сыйлык менен сыйланган. Ал эми сериялык сүрөттөр арасынан Сергей Бобылевдун “Жеңиштин энергиясы“ мыкты аталды. Анда Россиянын Олимпиадалык комитетинин курама командасынын Пекиндеги XXIV Олимпиадалык оюндарындагы өзгөчө учурлар тартылган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later