Myvideo

Guest

Login

12 жаштагы уулу согушка катышкан генерал, Одессанын бошотулушу. Тарыхый видео

Uploaded By: Myvideo
89 views
0
0 votes
0

1944-жылдын 10-апрелинде Улуу Ата Мекендик согушта 3-Украина фронту генерал Родион Малиновскийдин жетекчилиги менен Одесса шаарын немец-румын баскынчыларынан тазалоону аяктаган. Бул каармандык боюнча видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады. “Алдыда Одесса!“ ураанынын таасири өзгөчө эле, жоокерлер белине чейин баткакка батып, көкүрөккө жеткен музду жиреген согуш болду“, — деп жазган маршал Василий Чуйков мемуарларында. Шаарды бошоткону үчүн советтик жоокерлер медалдар, төш белгилер менен сыйланган. Алардын бири легендарлуу, Аба-десанттык күчтөрүнүн жетекчиси Василий Маргелов эле. Согуштук операциясынын жүрүшүндө ал 49-гвардиялык аткычтар дивизиясын башкарган. Одесса үчүн согушка Василий Маргеловдун 12 жаштагы уулу Геннадий (кийин генерал-майор) да катышкан. Тестиер айтпай согушка качып кетип, атасынын дивизиясына туш болгон. Одесса бошотулгандан кийин дивизия башчысы Василий Маргелов уулун “көрсөткөн каармандыгы“ үчүн жазалап, үч күн камакка алган. Андан кийин Тамбовдогу Суворов училищесине жиберген.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later