Иш-чара “Глобалдуу маселелер маалында Борбор Азия университеттеринин өзгөрүшү“ деген аталыш менен өтүп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева форумга региондогу мамлекеттерден 57 өкүл катышканын билдирди. Келген коноктор билим берүүнү, илимди жана бизнести интеграциялоо, өнөктөштүктү илгерилетүү сыяктуу бир катар маселелерди талкуулашкан.
Hide player controls
Hide resume playing