Өткөн жылы достору менен дюшес ичип, куйкум сүйлөгөн жеткинчектин видеосу интернет айдыңына тарап, ал сүймөнчүк балага айланган эле. Учурда 2-класста окуп жаткан Бекболот Бактыбеков жакында президент Садыр Жапаровго “эки кабаттуу мектеп салып бериңиз” деп видео кайрылуу жасады. Ысык-Көлдүн Балбай айылындагы мектеби көгөрүп кеткендиктен онлайн окууга мажбур болуп жатышканын билдирген. Биз кичинекей интернет жылдызы менен байланыштык. Бекболот менен маекти толугу менен “Супер-Инфонун” бүгүн, бейшемби чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
Hide player controls
Hide resume playing