Myvideo

Guest

Login

Балыкчыда Россиянын колдоосу менен аскердик техника одогон база ачылды.

Uploaded By: Myvideo
83 views
0
0 votes
0

Балыкчыда Россиянын колдоосу менен Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө курал-жарак, аскердик техника оңдогон база ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Анын айтымында, базанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россиянын коргоо ведомствосунун өкүлдөрү, 20636-аскер бөлүгүнүн командачылыгы жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик органдары катышкан. Төрөбаев Кыргызстанда база ачуу Россия менен аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгилеп, бул коопсуздукту бекемдөөгө көмөк көрсөтө турганын кошумчалаган. Ал эми коргоо министри Бактыбек Бекболотов эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн аракети менен оңдоо базасы кыска убакытта бүткөнүн белгиледи. “Базанын аймагында техникалык тейлөө боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп, курал-жарак жана аскердик техникаларды даярдыкта кармап туруу үчүн оңдоо иштери жүрөт“, — деген министр. Эске салсак, 2022-жылдын башында Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрликтеринин ортосунда аскердик-техникалык жардам багыты боюнча кошумча макулдашууга кол коюлган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later