Мындан тогуз жыл мурда, дал ушул күнү Крым менен Севастополь элинин басымдуу бөлүгү жалпы элдик добуш берүүдө эки аймактын Россияга кошулушуна ынтызарлыгын расмий билдирген. Тагыраагы, 2014-жылдын 16-мартында Крымда жарым арал статусу боюнча референдум өткөн. Референдумга элдин 83,1 пайызы келген да, жыйынтыгында алардын 96,77 пайызы Россия тарапта болууну жактаган. Ошентип эки күндөн кийин, тагыраагы, 18-мартта Россиянын лидери Владимир Путин жана Крым менен Севастополь жетекчилери аталган эки аймактын РФтин курамына кириши боюнча келишимге кол коюшкан.
Hide player controls
Hide resume playing