Myvideo

Guest

Login

Жер семирткич чыгарган Кара арстан чымындары. Бишкектеги ишкердин видеосу

Uploaded By: Myvideo
11 views
0
0 votes
0

Кыргызстанда ишкерлер чымындан өсүмдүктөргө жер семирткич, жаныбарларга белок жана дары өндүрүп баштады. Бирок бул кадимки чымындар эмес... Өлкөгө чымындын “Кара арстан“ деп аталган түрү Түштүк Америкадан алып келинген. Абдырашит Ибрагимов чымындын куртун бул жактан сатып алып көбөйткөн. “Жер семирткичтин ичинде хитин, летин деген аминокислоталар бар. Сөөлжан өндүргөндөр биогумус болсо, чымындан чыкканы зоогумус деп аталат. Анын кубаттуулугу биогумуска караганда үч эсе жогору болот экен. Чымындарды үй жаныбарларына белок жана дары катары да беришет. Биз аларды ветеринардык дүкөндөргө коёлу деп жатабыз“, — деди Ибрагимов. “Кара арстандын“ курту 30 күн, чымыны 14 күн жашайт экен. Чымын эки жумада 1000дей жумуртка таштайт. Ишкерлер азырынча киреше түшө электигин, чымындан продукция жаңыдан өндүрүлүп, сатыкка чыгып жатканын билдирди.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later