Myvideo

Guest

Login

Кемчилик кетсе Усубалиевден таяк жечбз. Экс-министр Орозалиев менен видеомаек

Uploaded By: Myvideo
78 views
0
0 votes
0

Союз маалында Кыдырма Орозалиев сегиз жылдай Кыргыз ССРинин транспорт жана жолдор министрлигин жетектеп, бул тармакта көпкө чейин эмгектенген. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген транспортчусу Кыдырма Орозалиев транспорт тармагына 18 жашында келип, Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин жетектөөсүнүн астында 1979-1987-жылдары транспорт жана жолдор министри болуп эмгектенген. 84 жаштагы ардагер транспортчу Sputnik Кыргызстан агенттигине республикадагы жолдордун салынышын, убагында транспорт каражаттары элге кантип кызмат көрсөткөнүн айтып берди. “Мен бул тармакка 18 жашымда келип, бардык тепкичти басып өтүп министрдин орун басары, министр кызматына чейин жеттим. 80-жылдары бизге жогору жактан көп тапшырма берилчү. Ал кезде биздин министрлик республиканын ичиндеги чоң мамлекет сыяктуу эле. Карамагыбыздагы 230дай ишканада 65-70 миңдей киши иштечү. Автоунааларды оңдогон завод, дөңгөлөктөрдү жаңылаган эки завод, үч курулуш трести, жүргүнчү ташыган ишканалар, жардыруучу каражаттарды чыгарган өндүрүшүбүз, аймактарда айдоочуларды даярдаган кабинеттер, пансионат, пионер лагери бар болчу. Ошондон улам жол, имарат салып, канализация, сантехникага чейин жасачубуз“, — деди Орозалиев. Кыргызстандын эмгек сиңирген транспортчусу союз маалында көзөмөл катуу болгонун да кошумчалай кетти. “Кусеин Көлбаев, Турдакун Усубалиев бизге уурулукка жолобой таза болгула деп көп айтчу. 80-жылдары Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына катуу даярданып кечки 9-10го чейин иштедик. Ал эми жумушчулар эки смен иштечү. Министрлик “Ала-Тоо“, “Жеңиш“ аянтын, Тарых музейин салып, “Ала-Арча“ резиденциясында мейманкана куруп калдык. Усубалиев бир күндө эки жолу келип көрүп кетчү. Ал киши кечинде жумушчулардан “эмнеңер жетет, эмнеңер жетпейт, жетекчиңер келип атабы“ деп сурачу экен. Анан эле эртеси таяк жемей. Андай учурлар адамды чоң иштерге түртүп, такшалтат экен“, — дейт Орозалиев. Азыр Кыдырма Орозалиев Транспорт жана жол чарбасынын ардагерлеринин коомдук бирикмесинин төрагасы болуп иштеп келет.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later