Myvideo

Guest

Login

Насирдин Исанов

Uploaded By: Myvideo
1 view
0
0 votes
0

Ал 1943 – жылдын ноябрында Ноокат районунун Көк-Бел айылында жарык дүйнөгө келген. Насиридин Исанов өзүнүн бала чагынан салган чыйыр жолу боюнча “Өзүм деле айылда малчынын үйүндө чоңойгом. Андыктан айыл турмушун жакшы түшүнөм! Асмандан түшүп алып, келген жокпуз. Жылаңаяк жүрүп эле, анан окуп, эмгектенип ушул жакка келип отурабыз!” деп эскерет. Жаш жеткинчек мектепти сегизинчи класска чейин айылында окуса, тогуз-онду Папанда окуп бүтүргөн. Ошол кезде күн сайын сегиз чакырым жол жүрүп, мектепке келип-кетчү экен. Ошентип жүрүп, мектепти ийгиликтүү аяктайт. Жогорку окуу жайды Москвадагы Куйбышев атындагы инженер-курулуш институтунда бүтүргөн. Ал окуусунда аракетчил, зирек келип, жалкоолукту жактырчу эмес. Студенттик кездеги курдаштары аны жумшак мүнөз, токтоо, аракетчил болгондугун эскеришет. Анча мынча ыр жазып калчу адаты да болгон экен. Москвадан билим алып келгенден кийин Кыргызстанга келип курулуш тармагында эмгек жолун баштаган. Ошол жылдар, жылдардан 1966-жыл болчу. Ал Кыргыз ССР курулуш министирлигине караштуу “Ош шаар курулуш”та прораб, участканын начальнигинен баштап, курулуш бөлүмүнүн инструкторуна чейин көтөрүлүп барат.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later