Алтынбек Сулайманов – №5: “Жаштарга узак мөөнөттүү ипотекаларды бериш керек” ⠀ Алтынбек Сулайманов Ноокат районуна караштуу Гүлистан айыл аймагынын эли менен жолугушууда көп кабаттуу үйлөрдү салуу менен жер маселесин чечсе болорун айтты. ⠀ Сулайманов менен жолугуп, чечилбеген айрым маселелерди ортого салуу үчүн элеттиктердин басымдуу бөлүгү келишкен. Алар турак жай курууга жер тартыш болуп жатканын айтышып, талапкерден бул көйгөйдү чечип берүүнү суранышты. ⠀ “Чынын айтсам, Гүлистан айыл өкмөтүндө жер жок, аны мен кайдан таап берем? Убада берип жалганчы болгум келбейт. Муну чечүүнүн бир жолу бар, көп кабаттуу үйлөрдү курууну тез арада уюштурушубуз керек”, – деди Алтынбек Сулайманов. ⠀ Ал канализация менен суу көйгөйү чечилсе, көп кабаттуу
Hide player controls
Hide resume playing