Myvideo

Guest

Login

Афган согушунун аяктагандыгына 35 жыл болду

Uploaded By: Myvideo
119 views
0
0 votes
0

1989-жылы 15-февралда Афганстандан акыркы советтик жоокер чыгып кеткен. Бүт дүйнө көз салып турган тарыхый окуя аталган өлкө менен СССРди бириктирген Достук көпүрөсүндө болгон. Андан бери 35 жыл өттү. Куралдуу күчтөрдү алып чыгуу эки этап менен жүргөн. СССР 1988-жылдын май айынан августка чейин 12 провинциядан 50 миңден ашык жоокерди жөнөтүшкөн. Ал эми 1988-жылдын декабрынан тарта 40-армиянын бөлүктөрү толугу менен кеткен. Пяндж дарыясындагы көпүрөдөн аскерлер так түзүлгөн план менен тынч өтүп, аларды СССР тараптан журналисттер, тиешелүү адамдар тосуп турушкан. Чындыгында Афганстанда туткунга түшкөн аскер кызматкерлери жана аталган аймактан чыгып келе жаткан жоокерлерди коргоп, саксактап кайтарып турган чек ара бөлүктөрү калган. СССРдин КГБсынын чек ара аскерлери Афганстандын аймагында туруп, советтик-афгандык кээ бир бөлүктөр менен чек араны коргоо милдетин 1989-жылдын апрелине чейин аткарган. СССРдин афган согушундагы жоготкон жоокерлеринин расмий айтылган саны — 15 051 адам. Он жылга чукул уланган согушта интернационалчы жоокерлердин арасында 7000 кыргызстандык да болгон. 300гө жакын аскер баатырларча курман болуп, 1 500и жаракат алган. Ал эми төрт аскер кызматкеринин дайыны чыкпай калган. СССР Афганстанга заводдорду, фабрикаларды, мектептерди, ооруканаларды, аэродромдорду, ГЭС жана газ түтүктөрүн таштап кеткен.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later