Myvideo

Guest

Login

Баткенде жарадар болгон жоокерлерди Бишкекке алып кетебиз. Ташиевдин видеосу

Uploaded By: Myvideo
44 views
0
0 votes
0

Баткендеги чек ара чырынан жарадар болгон жоокерлерди Бишкекке алып кетүү үчүн атайын учак менен келдик. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал бүгүн Баткен облусуна барып, жарадар болгон эки жоокердин абалынан кабар алган. “Бүгүн, 3-июнь күнү, Булак-Башы жерлигиндеги тажик тарап менен болгон чырдан эки жоокерибиз жаракат алган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алардын абалынан кабар алуу үчүн келдим. Бишкектен ондогон дарыгерди алып келдик. Алар консилиум өткөргөн соң эки аскерди Бишкекке алып кетүүгө аракет кылабыз. Ошол себептен атайын учак менен келдик“, — деди Ташиев. УКМК төрагасы чек арадагы абал туруктуу экенин айтып, башка чек ара постторундагы жоокерлер кадимки тартипте иштөөгө өтө баштаганын кошумчалады. “Тажик тарап менен сүйлөшүү болду. Жаңжал жайлоо талашынан чыккан. Азыркы күндө баары жакшы. Ал жак жайлоо болгондуктан, аскер техникасы кире алган жок. Бирок кайсы бир деңгээлде алып барганга аргасыз болгонбуз. Бардык техника артка кайтты. Кооптонууга негиз жок. Башкы тапшырма жоокерлердин өмүрүн сактап калуу“, — деди Ташиев. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын айткан. Ал эми экинчисинин абалы орто деп бааланды.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later