Myvideo

Guest

Login

Жакында баары ачыкка чыгат. Министр Бейшеналиевди сотко алып келе жаткан видео

Uploaded By: Myvideo
87 views
0
0 votes
0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди сотко алып келишти, бул жерден баш коргоо чарасы каралат. Соттун имаратына алып кирип келе жатканда журналисттер министрге суроо бергенге үлгүрүштү. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын, бирөөлөр атайылап уюштурган-уюштурбагандыгын тергөө көрсөтөрүн айтты. Ал эми видеодогу кишилер инвестиция боюнча бир долбоордун алкагында акча берип жаткан чет элдиктер экендигин кошумчалады. “Муну ким уюштурушу мүмкүн деп ойлойсуз?“ деген суроого жообун айтты. “Баары жакында ачыкка чыгат. Тергөөдө жазып бердим. Эч кандай кабатыр болбоңуздар. Баарын далилдеп, коюп турам, буюрса“, — деди Бейшеналиев. Эске салсак, буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, ал учурдун видеосу да жарыяланган. ИИМ ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган. Андан соң Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later